Алдырттан, акырындап сырын билүү, көңүлүн оюн билүүгө аракеттенүү,байкоо. Душмандын тамырын тартып көрүп, мындай тыянакка келишти («Ала-Тоо»). Мен анын тамырын тартып көрүп өзүм кабар кылайын деп убада берди («Чалкан»).
Алдыртан, акырындап сырын билүү, көңүлүн, оюн билүүгө аракеттенүү, байкоо. Душмандын тамырын тартып көрүп, мындай тыянакка келишти («Ала-Тоо»). Мен анын тамырын тартып көрүп өзүм кабар кылайын деп убада берди («Чалкан»). В.: Танабын тартып көрүү. Ишинин танабын тартып көрдү да белгилүү бир пикирге келди («Ала-Тоо»). Танабын тартуу. Жалий эки жактын танабын тартып, Чоюбек болуш менен Байымбет акындын ар кимине өзүнчө мамиле жасоодо (Бейшеналиев). Жибин тартып көрүү. Ар бирибиздин жибибизди тартып көрдү да, «жарайт, балдар, баарыңар барасыңар” , – деди (Сыдыкбеков). Тамырын тартуу. Тамырын тартып сүйлөшүүгө өтөйүн (Бейшеналиев). Таксыры менен нөкөрү тымызын тамыр тартыша күчтөрүн сынап байкашты (Бейшеналиев).